Домой Саясат Разаков эркек болсо элдин акча алганын факты менен айтсын!

Разаков эркек болсо элдин акча алганын факты менен айтсын!

61
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 13-январда парламенттин алдында өткөн митинг акча менен уюштурулган деп эсептей турганын  21-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Эске сала кетсек, 13-январда Бишкекте чек ара маселесин көтөрүп чыккандар Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылган. Атка минер бул маселе боюнча өз оюн мындайча айтты.  « Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар.  Эгер «кимдин адамы көп?» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт” – деп “балп” этти.

Деги эле Разаков митингге чыккандар акча менен чыкканы боюнча далилдерди кошо чыгарбайбы, сүрөт, тасма менен көрсөтүп.  Ажо айтмакчы, ошондой фактысы болсо анан журналисттердин алдына өтүп келбейби десеӊ… Факты жок эле сүйлөй берген бизде атка минерлер үчүн укмуш улуу искусство болду эй… Анан экинчи маселе, Разаков Баткен элин митингге чыгарып, көтөрө алабы? Деги аны Баткен эли жакшы көрүп жатабы? Бул да суроо… Опулдап-топулдап, ооз толтура сүйлөсөк эле эл ишене берет деп ойлошобу? Эл азыр жарылганы араӊ турат. Чынында: аяк бошотоор, акча жутар, адам жутар, балта жутар, эл бузар, көӊдөй челек сыӊар атка минерлердин бетине түкүрүп, терисин тескери сыйрыганга эл бышып жатат…

Булак: Багыт