Домой Саясат Равшан Жээнбековдун тарапташтары басма сөз жыйынын өткөрүшүүдө

Равшан Жээнбековдун тарапташтары басма сөз жыйынын өткөрүшүүдө

45

Бишкекте Равшан Жээнбековдун тарапташтары басма сөз жыйынын өткөрүшүүдө. Анда жактоочу Замир Жоошев Жээнбеков өзүнө коюлган айыптарды саясий чечим деп баалай турганын айтты.

— Жээнбеков Кой-Таштагы оор кылмыштарга эч кандай тиешеси жок, ал окуяда абалды жөнгө салууга аракет кылган. Ал оор кылмыш боюнча шектүү болсо эмнеге дароо кармалган жок? — деди жактоочу.

Замир Жоошев Равшан Жээнбеков окуядан кийин эки жолу чет өлкөгө чыгып келгенин эске салып, күнөөсү болсо кайра келбей коймок деген оюн ортого салды. Адвокат Жээнбеков өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдей аларын кошумчалады.