Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Самат Калыков Кой-Таш окуяларына байланыштуу шектелип, №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековдун камерасын текшерүү мыйзам чегинде болгонун белгилейт. Калыковдун айтымында, тыюу салынган буюмдарды аныктоо үчүн абактарда пландуу жана капыстан текшерүүлөр болуп турат.
— Ар бир камера текшерилет. Равшан Жээнбековдун камерасы гана текшерилген жок. Ар кайсы маалда болот. Пландуу же капыстан текшерүү болуп турат.
Kaktus.media сайты оппозициялык саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбеков Кыйноого каршы улуттук борборуна кайрылганын жазды. Жээнбеков 28-январда түнүндө ЖАМК кызматкерлери орой мамиле кылып, ал жаткан №307 камераны тинтүүгө алганын айтып берген.
Булак: Азаттык