-Равшан мырза, сот реформасы эле дейбиз. Бирок, президент да сот реформасы анча жүрбөй жатканын моюнга алгансыды. Соттор мурдагыдай эле принципте иш алып барып жатышабы же жоопкерчилигин сезе башташтыбы?
-Президент айтпаса деле сот системасы ишке ашпай жатканын байкап эле жатканбыз. Бүгүнкү күндө соттор, укук коргоо органдары деле мурдагыдай саясий заказ менен иштеп жатышат. Тагыраагы, коррупция менен алектенсе да, мыйзамга каршы иш кылса да өзүбүздүн адамдарга тийбейбиз өзүбүздөн башка адамдардын баарын камайбыз деген принципте иш кылышканын көрүп, билип, байкап эле жатабыз. Ошондой эле бийликке жакын адамдар кутулуп, бийликке жакпаган адамдар камалып жатканы баарыбыз эле маалым болуп калды. Сот системасын жакшы билген адамдарды алдаганга болбосун билип, президент сот системасы алдыга жылган жок деп айтып жатат окшойт.
-Эгер андай болсо, эки жылдан бери президентке сот системасын жүргүзүүгө ким тоскоолдук кылып жатат?
-Сот реформасын биздин мамлекетте алдыга жылдырыш үчүн төрт маанилүү нерсе керек. Биринчиси, бийликтин башкы бутактарында отургандардын сот системасын ишке ашырам деген көрөңгөсү. Экинчиси, ошол көрөңгөнү ишке ашыра турган күчтүү саясий эрк. Үчүнчүсү, ошол көрөңгөнү, көз карашты ишке ашыра турган күчтүү татыктуу команда. Төртүнчүсү, жеткиликтүү каражат керек. Бүгүнкү күндө өкмөт менен Жогорку Кеңеште мен санаган төрт фактордун бирөөсү да жок. Мына ушул нерселер президенттин сот реформасын алдыга жылдырууга жолтоо болуп жатат. Сот системасын кайсы бир адамга же кайсы бир структурага шылтаган маанилүү эмес. Бизде сот реформасын ушул төрт нерсе жылдырбай жатат. Ошону түшүнүшүбүз керек.
-Андай болсо неге элди алдап сот системасы башталды дейбиз?
-Бизде бийликке келген президенттин баары эле коррупция менен күрөшөбүз, сот реформасын ,укук коргоо реформасын ишке ашырабыз дешет. Бирок эмнегедир сот реформасы, укук коргоо реформасы ишке ашкан жок деп жыйынтыгында элдин нааразычылыгы топтолуп калат. Тилекке каршы, бийлик алмашканы менен аталган тармактар мурдагыдай эле оор абалда кала берет. Себеби, авторитардык бизге окшогон мамлекеттерде бир адамга баары жакшы деп отчёт берип коё беришет. Же жакшы деп ишендирип коёт. Же болбосо бийлик башында отургандар өздөрү мамлекеттик деңгээлде реформаны түшүнбөйт. Ошондуктан реформа болуп жатат деп элге отчёт беришкени менен реформа алдыга жылбайт. Жакынкы убакта болбойт дагы.
-Бир канча сотко кылмыш ишин козгоп, өзүң чыгарган чечимге өзүң жооп бересиң деп милдеттендирилгени сот реформасы башталганынан кабар береби?
-Бийлик айткандай майда-чүйдө техникалык иштерди жасап, айлыгын көтөрүп койсо же кабинет берип койсо эле сот реформасы болуп калбайт. Ал эң чоң жаңылыштык болуп эсептелет. Сот реформасы деген ар тараптуу баалуулуктардын институтционалдык системалык реформалардан келип чыгат. Сот реформасынын эң эле маанилүүсү сот процесстери массалык маалымат каражаттарына жана жарандык коомго ачык болушу керек. Ошондой эле сот процесстери атаандашуу түрүндө жүрүш керек. Айтайын дегеним, сот менен прокурордун айтканы эле эмес адвокаттын айтканы да ал жерде мааниге ээ болушу керек. Соттун чыгарган чечими аябагандай көзөмөлгө ээ болушу керек. Көзөмөлдү айланып келип эле массалык маалымат каражаттары, жарандык коом жана көз карандысыз уюмдар жасашы керек. Ушул нерсеге жетмейин сот системасы болду дегенге жатпайт.
—50 пайыз сот залдарына видео көзөмөл коюлганын айтышты. Бул реформа элдир- селдир алдыга жылып жатканын далилдейби же ал видео көзөмөл деле эч кандай мааниге ээ болбой калабы?
-Сот залында видео көзөмөл койгону албетте жакшы. Бирок, сот залындагы видеолор сотторго басым жасай алган жок. Соттор видео жазууларды бердирбей жатат. Колубуздан келсе, видео көзөмөл турат дебей, процесс учурунда тараптардын да видеого тартышына уруксат беришибиз керек. Ал видеолор келечекте далил боло турган, ишти караганга шарт түзө турган чечим менен киргизишибиз керек. Байкасаңар көптөгөн соттор маанилүү иштерде видео жазуудан баш тартып жатышат. Анткени, видео жазуу деген аябагандай маанилүү көрсөткүч болот. Айтайын дегеним, соттун чыгарган чечими соттун сүйлөгөн сөздөрү, соттун кандайдыр бир жестери эшикке кирип чыгып жатканы аябагандай чоң маалымат бере турган далил болуп эсептелет. Ошондуктан, мен саясатчы катарында бардык сот процесстеринде видеого тартууга уруксат бере турган абалга жетишибиз керек деген ойдомун.
Булак: Фабула