— “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү КТРКнын имаратына барып митинг өткөрүп, өлүм алдында жаткан анын жетекчиси Илим Карыпбековду табалап, “өлүп калсын” дегенге чейин барды. Саясый кызыкчылык үчүн ушундай сөздүн кереги бар беле?
— Бул эми ошол адамдардын уятындагы иш. Биз Союз кезинде тарбияланып калдык. Ал учурда адамдын ар-намысы, тарбия биринчи орунда турчу. Азыр болсо бул жагынан бир топ аксап жатабыз. Митингге барып бирөөгө өлүм тилегендерди катуу сындайт элем. Саясат саясаты менен болсун. Адамдын өмүрү тууралуу маселе болгондо мындай сөздү айткандын өзү уятсыздык. Бул Ө.Текебаевдин эле аброюн кетирет.
— Ызы-чуу салып, 200 киши бүтүндөй элдин атынан сүйлөгөнгө акысы барбы?
— Бизде ушундай жаман адат калыптанып калды. Сүрмө топтун кыйкырыгы катуу чыкса эле ошоллордуку туура боло берсе кайда барабыз? Ар бирин адам мыйзамды сыйлашы керек. Эгер Текебаевдин күнөөсү болсо аны сот аныктайт. Көчөгө чыгып эле ага боштондук деп кыйкыра берген туура эмес.