best generic viagra pharmacies.
Айрым президенттикке талапкерлер бийлик административдик күч колдонуп жатат деп айтууда. Сиз мындай айыптоолорго кошуласызбы?
11-сентябрда Коргоо кеңешинин жыйыны өтүп, анда президент Алмазбек Атамбаев административдик күч колдонбосун деп тапшырма берип, таза шайлоо камсыз болорун айтып кеткен. Ошого карабай айрым мугалимдер, чиновниктер бийликке жагынуу үчүн бул ишке барган фактылар болууда. Бирок, Башкы прокуратура өз убагында чара көрүп, мындай нерсени токтотуп калып жатат. Бийликке, КСДП сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбековго мындайдын кереги жок, алар буга муктаж деле эмес.
— Ошентсе да вице-премьер-министр Д.Зилалиевдин Баткендеги сөзү талкуу жаратууда. Буга кандай комментарий берет элеңиз?
— Премьер-министр Сапар Исаков аны шайлоону уюштуруу боюнча штабдын жетекчилигинен алып абдан туура кылды. Бул эми башка чиновниктерге сабак болот.
— Буга окшогон окуялар жалпы шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизе алабы?
— Таасирин деле тийгизбейт. Административдик ресурс дегенде бир эле Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде ой жүгүрткөн жаңылыштык. Анткени, башка талапкерлердин арасында парламенттеги фракциянын лидерлери бар. Алар да эбегейсиз бийликке ээ. Жээнбеков чыныгы мырзалык сапатын көрсөтүп кызматын тапшырып берди. Бирок, башкалары буга бара алган жок.
— Буга чейин президент административдик ресурс анча натыйжа бербей калганын айтып добуштарды сатып алуу кооптуу болуп баратканын билдирген эле. Мындай көрүнүш байкалып жатабы?
— Маалыматтарга караганда айрым талапкерлер айылдарда жана райондук борборлордо шайлоочунун бир добушу үчүн 4000 сом, ал эми шаарда 5000 сомдон сунуштап жатышат. Муну капчыктуу, бизнесмен деген талапкерлер сунуштоодо. Мен шайлоочуларга кайрылып кетет элем, эгерде силерге акча сунуштап жатышса, алып, чөнтөгүңөргө салып коюп, шайлоо күнү өзүңөр татыктуу деп билген талапкерге добушуңарды бергиле деп.