Домой Коом Рашид Тагаев президенттик жарыштан чыкканын жарыялады

Рашид Тагаев президенттик жарыштан чыкканын жарыялады

48

Президенттикке талапкер Рашид Тагаев жарыштан чыкканын жарыялады. 30-декабрда ал социалдык түйүндөр аркылуу шайлоочуларына кайрылуу жолдоп, «талапкерликти мындан аркы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бербеген жеке ишенимдерге байланыштуу токтотууга мажбур болгонун» билдирди.

Тагаев өз кайрылуусунда жалпы абал турукташканда баштаган ишин улантарына үмүттөнөрүн белгиледи.

62 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Тагаев көп жылдар бою милиция системасында иштеген, 2005-2010-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон.

Тагаев президенттикке ат салышып жаткан 18 талапкердин бири. Ал 29-декабрда талапкерлердин Коомдук телерадиокорпорациянын эфириндеги теледебатына бармак, бирок бул көрсөтүүгө катышкан жок.