Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун 21 жаштагы кызы Айшат Маданият министринин орун басары болуп дайындалды. Мындай маалыматты Telegram-каналына президент өзү жазып чыкты. “Айшатты жаңы кызматка дайындоо тең салмактуулук менен чечилген чечим. Өзү жаш болсо да, оор жана масштабдуу долбоорлор менен иштеген бай тажрыйбасы бар, маданият жаатында да” – деген пикир калтырды.
Белгилей кетсек, Рамзан Кадыровдун кызы буга чейин апасы ачкан Firdaws мода үйүн башкарып келген. Чечен филармониясынын өнүгүүсүнө да салымын кошкон. Ушул жылдын март айларында “Чечен Республикасына жасаган эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган. Айшаттын коммерциялык тармактагы жетекчилик орду боюнча азырынча маалымат берише элек.