Домой Саясат «Райым миллиард» деген «периште» унутта калабы?

«Райым миллиард» деген «периште» унутта калабы?

13

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы менен айтылуу Бажынын көмүскө кожоюну Райым Матраимовду бийлик көңүл сыртынан чыгарып койду. Президент “Коррупционерлердин атын атагыла” — деп барган жеринде ар дайым айтат. Эл дээрлик эки жылдан бери Матраимовдун атын ооздон түшүрбөй коңгуроо кылып кагып келет. Эмнегедир президент укпайт. “Райым миллиардга” келгенде эле билмексенге салган жоругун эл көрүп-билип эле турат.

Кош стандарттуулук өкүм сүрүп жатса эл өлкө башчысына кантип ишенет? Эгер Матраимовго жан тартып жатса, жоопкерчиликти алып ачык айтсын “ал мекенчил, эч кандай коррупционер эмес» деп. Анан калганын тарых таразалайт…

Булак: «Фабула»