Домой Саясат РАЙЫМ МАТРАИМОВ БОЮНЧА ЖАНАР АКАЕВ ПОЗИЦИЯСЫН АЧЫКТАП АЛБАЙБЫ?

РАЙЫМ МАТРАИМОВ БОЮНЧА ЖАНАР АКАЕВ ПОЗИЦИЯСЫН АЧЫКТАП АЛБАЙБЫ?

37
“Бир күн даам сызган жериңе миң күн салам айт” деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, Жанар Акаев көптөн бери Райым Матраимовдун жакшылыгын көрүп, чайын ичип, тоюнда төрдө отуруп жүрүп, анан актана баштаганы кандай? Ыңгайына жараша каршы сөз сүйлөгөнү Кудайга жагабы? 

Биздин баамыбызда, Райым Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин каралоосуна, айрым саясый күчтөрдүн көралбастыгына жана бейөкмөтчүлөрдүн жалаасына кабылып келатат. Карапайым элдин ага карата дооматы жок. Куйтулар менен келесоолор гана жамандашы мүмкүн. Ушундай шартта Жанар Акаев боюн ала качкандай болбой, курулай аксынбай эле Райым Матраимов боюнча ачык пикирин айтышы керек. Айландырып буйтабай, же көмүскө жерде тескери сүйлөбөй, позициясын тактап алса эп болмок. Душман болсо ачыкка чыкпайбы? Саясатта саткынчылык эмес, салмактуу жүрүш бааланат да, туурабы?..

Aryba.kg