Кыргызстандын экс-канайымы Раиса Атамбаева анын туулган күнү менен куттуктаган жүздөгөн адамдарга ыраазычылыгын билдирди:
«Таң атпай менин өздүк күнүмдү жүздөгөн адамдар куттукташты, алардын ичинде чет мамлекеттердин лидерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү да бар. 30 жылдан тарта мени биринчилерден болуп куттуктап келген Сооронбай Жээнбеков, бүгүн мага өзгөчө белек жасады. Менин туулган күнүмдө ал менин жолдошумду камоо буйругун берди.
Биздин үй-бүлөнүн жакын досу болгон Сооронбай Шарипович, мен сиз менен дагы бир жолу жекеме-жеке жолугуп, көзүңүзгө тигилип карап ушундай «белек» үчүн ыраазычылык айткым келет»-деген Раиса Атамбаева.
Булак: Багыт