Домой Саясат РАИММИЛЛИАРДдын досу Саймаитинин өлтүрүлүшү кимдердин жүзүн ачат?

РАИММИЛЛИАРДдын досу Саймаитинин өлтүрүлүшү кимдердин жүзүн ачат?

82

РАИММИЛЛИАРДдын коррупциялык схемасынын изи аркылуу коомчулукка аты угулган жеке ишкер Айеркен Сайматини 10-ноябрда Стамбул шаарында кафеде олтурган жеринен атып кетишти. Ал ооруканага жетпей үзүлгөн. Кылмыштуу окуя болгон болгон жердин жанында анын автоунаасы табылганын жана унаага консулдуктардын бирине таандык делген жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыкты.
Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Саймаити, анын аялы жана Саймаити көзөмөлдөгөн «Абдыраз» фирмасы аркылуу 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени документтер менен көрсөтүлгөн. Анын РАИММИЛЛИАРДдын атасы «Исмаил ата» фондуна миллиондорду которуп келгени аныкталган. Бул кытайлык ишкер аялы Вуфули Бумаилиаму менен Түркиядан Кыргызстанга, Оштогу банктардын бирине, Русланбек Матраимов ээлик кылган Ысмайыл Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна үч жылда 2 338 700 доллар которгону тууралуу документтер көрсөтүлгөн. Бирок Руслан Матраимов бул кытайлык жубайларды «тааныбайм» деп жооп берген. 37 жаштагы Айеркен Саймаити, аялы Вуфули Бумаилиаму да уйгур улутундагы кытай жарандары. Саймаити кыргыз милициясында алдамчылыкка шектүү катары издөөдө жүргөн.

Булак: Багыт