Бүтүндөй бир мамлекетти калчап, башкасын кой, президенттин кошо «башын айлантып» жаткан РАИММИЛЛИАРД деген «желмогузуӊарга» эч кимдин тиши өтпөй турганы акыркы мезгилде айдан –ачык эле билинип калды. Каргыш деле өтпөйт окшойт. Анткени, аны мамлекеттин келечеги, экономиканын өсүшү үчүн каргап жаткан мекенчилдер, чынчылдар деле толтура. Бирок алардын деле тилеги Жараткан тарабынан кабылдана элек. Балким, жакын арада кабыл болуп калаар…
Матраимовдордун кланына айтылган мындай чексиз катуу сындардан кийин бийлик аргасы кеттиби, же калп да болсо аларга «сес көрсөтүп» коелу дештиби, айтор өткөндө РАИММИЛЛИАРДдын өзүн УКМКга суракка чакырттырып, сурата баштаган болду. Раимиӊер УКМКга биринчи барганда ага чекисттер 5 сааттай «вискиден ичирип», бир топ «сыйлады» деп айткандар, жазгандар көп болду. Кийинки жолу суракка барганда ал УКМКдан өтө кубаныч менен барбалаӊдап чыгып, журналисттердин суроосуна «чечен салышка» салып жооп берип, өзүн каралап жаткандардын баарын сотко бере турганын айтып, иттей күпүлдөдү. Берсе берет да, кайсы эле сот аны колдобой коюп, «ажалынан мурун» өлө албай жатыптыр десеӊ.
Мунусу бир дечи. Экинчиси, ал Стамбулда киши колду болуп өлтүрүлгөн Айеркен Сайматини такыр тааныбай турганын айтып, ошол турган жеринен эле жандалбастап жанын жеп жиберсе болобу. Эми Кудай урбадыбы, депутаттар, бажчылар, муфтий өзү, саясатчы, ал тургай президенттер тааныган Саймаити «бейбакты» бечера Раимиӊер неге тааныбай калды. Же ушунчалык эле «искелрозпу»? Ити чөп жеп, ишин жүрүшкөндө, ушул деӊгээлге жеткиргенге опол тоодай салым кошкон Саймаитиге окшогондорду тирүүсүндө сопсонун таанып эле, аны кол бала кылып кыйла иштетип, анан өлгөндө тааныбай койсо, Сайматинин деле арбагы Раимге абдан нааразы болуп, түшүнө улам кирип, кол булгалап жанына чакырып жаткандыр. Эми Раимиӊер көргөн түштөрүн кимге айтмак эле, балким досторуна кебелбей туруп: «менин түшүмө кайдагы Саймаити, Майматилер кирбейт да, мен жалаӊ Жээнбековду, Путинди, Трампты, бажыдагы бай айланткан миллиарддарды көрөм»- деп айтса керек да. Кыскасы, эми РАИММИЛЛАРДдыӊар өз атасын, депутат агасын «тааныйм» деп айтабы? Же аларды деле «тааныбайм» деп «тамашалап» коёбу? Бул жагы азыр көптөргө көмүскө табышмак болуп турат.
Булак: Багыт