Ош шаарындагы Субаналиев көчөсүндө көрсөтүү тартып жүрүшкөн «Азаттыктын» журналисттеринин камерасын жана дронун тартып алышкан. «Азаттыктын» олператору Айбек Кулчуманов Ош шаардык милийсага арыз менен кайрылгын. Анда төрт адам «Лексус» машинасы менен келип, аны токмоктоп туруп оператордун машинасынын ачкычын, камераны жана дронду зордук менен алып кеткенин айтат.
Ошол эле күнү ошол көчөнүн эки жашоочусуда милийсага арыз менен кайрылат бирөө дрон учуп тынчтык бербей жатканын айтса, экинчиси дрон анын башына тийип жаракат алганын жазат. Камера менен дронду алып кеткендер аныкталды, милийса иликтөөсүн жүрүгүзүп жатат.Ал аӊгыча мына булар аныкталды: оператор Кулчумановго колсалгандардын бири Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимовдун жакын тууганы экен. Анын аты-жөнү азырынча айтыла элек.
Матраимовдун аты көп жерден чыга баштады, деги кудай сактаса экен. “Азаттыкка” тиешелүү жабдыктардын жалпы баасы 22 миӊ долларга бааланууда.
Булак: Багыт