Домой Дүйнөдө Путиндин жан сакчысынын жансыз денеси табылды

Путиндин жан сакчысынын жансыз денеси табылды

169

Владимир Путиндин жеке коргоочуларынын биринин Кремлге жакын жерде жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Baza Телеграмм-каналы жазып чыкты. 

Федералдык күзөт кызматынын мүчөсү Михаил Захаров  Кремлде Путиндин жеке коопсуздугу үчүн жооп бере турган күзөтчү болгон. Анын кесиптештеринин айтымында, Захаров өзүн өзү өлтүргөн. Себеби, ал акыркы кезде жетекчилик тарабынан кысымга алынып жүргөн.

Мындан сырткары, атайын кызмат Захаровдун өзүн өзү өлтүргөн үй-бүлөсүнө айтпай эле анын өлүмү тууралуу кабар берген.