Домой Коом Путиндин түз эфири эң көп «дизлайк» чогултту

Путиндин түз эфири эң көп «дизлайк» чогултту

104

Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембиде салттуу басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орус президенти Владимир Путин карантиндик чектөөлөрдөн улам бул ирет журналисттердин суроолоруна Москванын четиндеги Ново-Огареводогу резиденциясынан онлайн жооп берди.

Башкы телеканалдар менен «Youtube» каналдарда көрсөтүлгөн Путиндин түз эфири Интернет колдонуучулардын терс ой-пикирлери, дизлайктар менен коштолду. Мисалы, «РИА Новости» агенттигинин «Youtube» баракчасынан Путинди 46 миңдей адам угуп көрсө, 909 адам «лайк», 5700 «дизлайк» баскан. ТАСС агенттигинин баракчасында 1000 «лайк», 2700 «дизлайк» басылган. Ал эми «Первый канал» эки сааттан кийин көрөрмандар үчүн ой-пикир калтыруу, баалоо функцияларын өчүрүп коюуга мажбур болгон. Ой-пикирлердин арасында «кет», «тажаттың», «алдамчы», «ууру» деген сөздөр басымдуулук кылган.

Путин өзү да адатынча суроолорго мыскыл жана шакаба менен жооп кайтарды.