Домой Саясат Прзеиденттикке талапкерлер 94, 6 млн. сом коротту. Жарымынан көбү Жапаровдуку

Прзеиденттикке талапкерлер 94, 6 млн. сом коротту. Жарымынан көбү Жапаровдуку

96

Борбордук шайлоо комиссиясы  25-декабрга карата президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн каражат тууралуу маалымат берди. Маалыматта:  18 талапкердин фондуна жалпы 104 463 444 сом которулуп, анын 94 640 746 сому коротулганы айтылат.

Президенттикке талапкерлердин ичинен эң көп каражат Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна чогулду — 51 млн. 461 миң сом. Ал бул акчанын 50 млн. 439 миң 859 сомун чыгымдады.

Бабыржан Төлбаевдин банктык эсебине 14 млн. 224 миң 572 сом которулуп, 9 млн. 264 миң 488 сому шайлоо иштерине коротулду. Президенттикке дагы бир талапкер Имамидин Ташовдун фондуна 4 млн. 924 миң 600 сом топтолуп, 3 млн. 685 миң 510 сом сарпталды. Калган талапкерлердин эсебине 1 млн. сомдон 3 млн. сомго чейин каражат түшкөн.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык президенттикке талапкерлер шайлоо фонддорун ачышкан. Саясий жараяндагы бардык чыгымдар фонддогу каражат аркылуу гана каржыланыш керек.