Домой Коом Прокурордун психикалык оорусу бар экен

Прокурордун психикалык оорусу бар экен

250

Кубанычбек Мамакеев

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бирөөлөрдөн сураган 20 миң доллар  парасынын 2000 долларын алды деп кармалган Аламүдүн районунун мурунку прокурору Кубанычбек Мамакеевдин, анын жардамчысы Марат Дөнөнбаевдин жана прокурордун орун басары Улукбек Жумабековдун үстүнөн сот иши уланып жатат. Мамакеевдин жүрөгү ооруп темир жолчулардын ооруканасына жаткырылды деген. Кийин аны республикалык психоневрологиялык оорукана которушту дейт. Анын адвокатынын айтуусунда: “Мамакевдин эсине тутуусу жоголуп жатат, ал мурун психикалык оору менен ооругандыгы туурасында справка бар”, — дейт. Тобо дейли, андай оору менен кантип прокурор болуп жүргөн? 11-апрелдеги сотто Мамакеевдин эси ооп жыгылып “Тез жардам” келип жардамын көрсөткөндөн кийин, аны  СИЗО-1ге алып кетишиптир.

https://www.youtube.com/watch?v=KKKXrPafPaI