Домой Коом Прокурор аялын бычактап тогуз жашар баланы жетим калтырды

Прокурор аялын бычактап тогуз жашар баланы жетим калтырды

94

Бишкектин 5-кичирайонунда аялын бычактап өлтүрүп, 9 жаштагы өгөй уулуна 5 жолу бычак сайып, аягында өзү асынып өлүп алган пенсиядагы прокурор буга чейин Бишкектин Октябрь райондук сотунда  иштеген.

Күндүзгү саат 12:00 чамасында беш жолу бычакталган 9 жаштагы бала коңшуларын жардамга чакырган.  Коншулары “тез жардамга” жана милицияга кабар беришкен. “Тез жардам” баланы ооруканага жеткирген, бирок анын абалы өтө оор болгон. Милиция кылмыш болгон үйгө келгенде бычакталып өлтүрүлгөн аял менен ваннада асылып турган эркектин жансыз денесин табышкан. Эркек аялы менен чырдаша кетип, мас абалында аялын бычактап өлтүрүп, ортого түшкөн өгөй баласына да бычак шилтемелер.  Беш жолу бычак тийген бала сыртка чыгып кошуналары жардамга чакырууга үлгүргөн.  Кылмышка шектүүнүн бул экинчи никеси болгон.

Булак: Аргумент