Кече жакында эле болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш жөн гана улантылбастан, күчөтүлө турганын билдирген. «Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирген көйгөй катары баалайм. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш – мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете. Ошондуктан коррупция маселеси Коопсуздук кеңешинин такай көзөмөлүндө болот», — деген анда мамлекет башчысы.
Мына ошондон кийин президент кыска убакыт аралыгында Башкы прокурорду, УКМК төрагасын кабыл алып, бул багыттагы күрөштү күчөтүү талабын койгон. Натыйжада УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын директору кызматтан кеткени да белгилүү.
Эми ушул багытта премьер-министр Сапар Исаков да чечкиндүү кадамдарга бара баштады. Маселен үстүбүздөгү жылдын 22-февралында премьер-министр Сапар Исаковдун жетекчилигинде өкмөттүн жыйыны болуп өттү. Ал жыйында коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты аткарууда натыйжалуу жыйынтыктарды көрсөтө албаган бир катар мекемелердин жетекчилери тартиптик жазага тартылганы маалым болду.
Маалыматка караганда, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге сөгүш жарыяланды. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановго, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Азамат Эркебаевге жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы Илияз Ташбаевге эскертүү берилди.
Бул жыйындагы эң катуу жаза Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Абдыкаровду кызматтан алуу тапшырмасы болду. Себеби бул жетекчинин дарегине экинчи жолу сөгүш жарыяланып атканы жана аталган агенттикте «коррупция көп» деген нааразы пикирлер көп айтылып келген.