Домой Саясат Президенттин талабынан кийин уурдалган миллиондордун бети ачыла баштады

Президенттин талабынан кийин уурдалган миллиондордун бети ачыла баштады

64

              1421656241_87169300

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы айоосуз күрөштү күчөтүү талабын койгонунан кийин Баш прокуратура Бишкек шаарынын прокуратурасы жана Бишкек шаары боюнча экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын башкармалыгы менен биргеликте өлкө экономикасына 800 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыян фактысын таап чыкты. Бул маалыматты Баш прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Биргелешкен текшерүүлөрдүн жыйынтыгында салык жана бажы тармагындагы кызматтык адамдардын, мамлекеттик органдардагы жооптуу кызматтарда отургандардын жеке коммерциялык структуралардын жетекчилери менен коррупциялык байланыш түзүп келишкени табылган.

КР өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын текшерүүсүнүн жүрүшүндө бир топ мыйзам бузуулар аныкталган. Маселен, 2016-жылдан 2018-жылдын январына чейин жасалма документтер аркылуу түрдүү импорттук жалган товарлар үчүн НДС боюнча (кошулган баага салык) карызынын эсебине мамлекеттик бюджеттен акча каражаттары менен жабуу чечими кабыл алынган.

tadalafil 200mg.

Көрсөтүлгөн импорттук товарлардын жалгандыгы, документтердин жасалмалуугу, ошондой эле коррупциялык схеманы мүнөздөгөн абал чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан да тастыкталган.

Мындай мыйзамга туура келбеген аракеттер соттук экспертизалар аркылуу да тастыкталган. Натыйжада комиссия тарабынан «И.» ЖЧКсы жана «П.» ЖЧКсын 437 миллион сомду кайра мамлекетке кайтартуу чечими кабыл алынган. Анын 393 миллиону бүгүнкү күнгө чейин республикабыздын Борбордук казначействосуна кайтарылган.

Мына ушундай эле жол менен кайра мамлекетке жалпысынан 454 миллион 441 миң сомду жеке структураларга төлөтүү чечими жүзөгө ашкан. Маселен, «М.Т.» ЖАКсы 143 миллион, «Т.Ш.К.П.» жана «Ш.П.Т.» ЖЧКлары 220 миллион, «Т.Ш.К.» ЖЧКсы 16 миллион 500 миң, «Т.К.» ЖЧКсы 9 миллион, «Г.К.М.» ЖЧКсы 17 миллион 941 миң жана «С.Л.» ЖЧКсы 48 миллион сом.

Демек, жыйынтыктап айтканда көзөмөл органынын бул текшерүүсүндө жалпысынан мамлекетке 847 миллион 441 миң сом материалдык зыян келтирилгени табылган. Бул фактылар боюнча КР кылмыш кодексинин 3030-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-беренеси (кызматтык подлог), 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдарда иштегендердин ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу) жана 350-беренеси (жасалма документтерди жасоо) боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмыш иштери УКМКга тергөө жүргүзүү үчүн багытталган.

Мындан тышкары Баш прокуратура КР өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу Мамлекеттик комитетинин кызматтык адамдарынын жана «К.Ч» ЖАКсынын жетекчилигинин мамлекетке 338 миллион сом зыян алып келгенин таап чыкты. Маалыматка караганда аталган мамлекеттик комитет «К.Ч.» ЖАКсынын лицензиялык келишимин жыл сайын мыйзамсыз түрдө узартып келген. Ал ЖАКга жападан жалгыз талап – Куру-Тегерек алтын, күмүш жана темир чыгуучу кенди иштетүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү болгон. Бирок, ал ЖАК бул талапты аткарган эмес. Андыктан аталган кен жайын кайрадан конкурска коюп, потенциалдуу инвесторлорду тартуу керек эле.

Мындан тышкары «К.Ч.» ЖАКсы Жалал-Абад облусундагы Чакмаксуу дарыясынын жайылган жеринен 2015-2017-жылдарда өзүм билемдик менен кумдуу-майда таштарды жана курамында чопо менен кум көбүрөөк болгон топуракты казып алып келишкен. Анын натыйжасында мамлекетке 169 миллион 699 миң сом зыян келген.

Айтор, жогоруда аталган мамлекеттик комитеттин жана «К.Ч.» ЖАКтын кызматтагы адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам 58,65 кг алтындын запасы жок болгон. Аны акчага айырбаштаганда 168 миллион сомдон ашуун мамлекетке зыян келгенин түшүндүрөт.

Мына ушул жана дагы мындан башка мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жалпысынан 338 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталган. Бул иштер учурда тергөөдө.