Домой Саясат Президенттин талабынан кийин тиешелүү органдар кыймылдай баштады

Президенттин талабынан кийин тиешелүү органдар кыймылдай баштады

54

            is alli available in canada. kazino2110

Кыргызстанда 2012-жылы казинолорго тыюу салынган. Бирок, айрым кумарканалар дагы деле ишин улантып жатканын 8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтып, тиешелүү органдардын аракетин катуу сындаган эле. “Казинолордун иштөөсүнө өлкөдө тыюу салынганына карабай алар Бишкек жана Ош шаарларында дагы деле иштеп жатканын билебиз. Булар менен Экономикалык кылыштуулукка каршы кызматы иштеш керек эле», — деген мамлекет башчысы.

Президенттин мындай билдирүүсүнөн кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 8-февралда кечке жуук Бишкекте мыйзамсыз иштеген казино табылганын билдирди. “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында Бишкектеги Медеров көчөсүнүн 46-дарегинен мыйзамсыз иштеп жаткан казино табылды”, — деп айтылат аталган мекеме тараткан билдирүүдө.

Негизи Бишкек менен Ош сыяктуу ири шаарларда мыйзамсыз иштеп жаткан казинолорду тиешелүү мамлекеттик органдарынын кызматкерлери калкалап келгени жашыруун эмес. Муну президент Сооронбай Жээнбеков да ачык айтты, конкреттүү талаптарды койду.

Ал эми 9-февралда УКМК Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго кылмыш ишин козгоп, убактылуу камакка алганын кабарлады. Маалыматта айтылгандай, ага Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу»), 350-беренеси («Документтерди жасалмалоо») менен кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча мамлекеттин казынасына 2 млн. сомдон ашуун зыян келген.

Күч кызматкерлерине, сотторго президент айткандай эле коомчулуктун ишеними кеткен. Президенттин сынынан кийин айрымдары кыймылдай баштады. Эгер өз милдеттерин так аткара албаса катуу чаралар көрүлөрү да айтылды. Эми тиешелүү органдар жыйынтык чыгарып, өз милдеттерин так аткарышы керек.