Домой Саясат Президенттин сөзү сууга акты да, кетти

Президенттин сөзү сууга акты да, кетти

136

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында кен тармагындагы коррупциянын гүлдөп кеткенин маалымдап, бир эле кишиде 41 лицензия бардыгын айткан.

Кийин ал 41 лицензиянын ээси катары Жумаев дегендин аты аталган. Эми андан бери бир кыйла убакыт өттү. Жумаевге чара көрүлгөн жок. Тиешелүү органдар бары-жогун эстеп да коюшпады. Президенттин сөзү Коопсуздук кеңешинин жыйынынан чыкпай сууга акты да, кетти. Ал эми Жумаев болсо Токтогул районунан эле 12 444 гектар жерге кенди изилдөөгө буйрук чыгартып алганы айтылууда. Жергиликтүү эл «бир Жумаевге тоолорубузду каздырып жиберип мал-жаныбыз менен кырылып, текей теребизби» дешип нааразы. Элдин үнүн укчу бийлик дудук…

Булак: «Фабула»