Домой Саясат Президенттин Сооронбай Жээнбеков боюнча айтканында эч кандай үгүт жок

Президенттин Сооронбай Жээнбеков боюнча айтканында эч кандай үгүт жок

45

32d211fad7236d58f32b78e7df2c424d.730x0Президент Алмазбек Атамбаев жакында Россияга мамлекеттик сапар менен барып, анын соңунда журналисттердин суроолоруна жооп берген эле. Өлкө башчысы КСДП президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков боюнча пикирин билдирип, аны 1995-жылдан бери түз жүргөн адам катары биле турганын айтып, муну татыктуу тандоо деп белгилеген.

amazon viagra. А.Атамбаев оозун жыйганча эле айрым укук коргоочу деген атты жамынган адамдар “кокуй, президент үгүт ишин баштады” деп БШКга чейин даттанып жиберген. Бирок, ошол замат БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов президенттин айткандарында үгүт жок экенин билдирген.

БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Осмоналиев маалымат агенттиктеринин бирине ушул маселе боюнча пикирин билдирип, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков шайлоо процессинин субъектиси эмес, мындан улам Алмазбек Атамбаев ага үгүт жүргүзө алмак эмес деген оюн ортого салган. Кайрат Осмоналиевдин айтымында Атамбаевдин бул сөздөрүндө үгүттүн элементтери жок. “Себеби Жээнбеков шайлоо процессинин субъектиси эмес. Ал БШКга арыз менен кайрыла элек. Юридикалык жактан Жээнбеков президенттикке талапкер боло элек”,- дейт Осмоналиев.

БШКнын мүчөсү мамлекет башчысы буга чейин өз сөзүндө Ө. Бабанов менен Б. Төрөбаев боюнча дагы жакшы пикирин билдирип, аларды президенттикке талапкер болгон мыкты жигиттер деген сөзүн эске салган. “Атамбаев муну жакшы маанайда айткан. Юридикалык жактан алып карасак Жээнбеков БШКга арыз бере элек. Үгүт белгилери бар деп, эгер кайсы бир талапкерге добуш берүүгө же ага добуш бербөөгө чакырган учурларды айтсак болот”,- дейт Осмоналиев.

К.Омоналиев юридика илимдеринин доктору, профессор. Кыргызстандагы кыйын юристтердин бири. Көпчүлүк башка юристтер деле президенттин айткан кебинде эч кандай үгүт ишинин белгиси жок экенин айтып келет. Эми сындап жаткандар оозун жаап эле отурса жарашат.