Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып бергенден кийин, Конституцияга ылайык, президенттин милдетин аткара баштаган спикер Талант Мамытов 14-ноябрда кайрылуу жасады.
Анда Кыргызстан 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен чыкканы, ушул тапта укук коргоо органдары, соттор, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары штаттык режимде иштеп жатышканы айтылат.
Ал чакан жана орто бизнести коргоо, өнүктүрүү иштери колго алынганын, тышкы саясатта Кыргызстан жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле президенттик шайлоо маселесине токтолду.
«Эң башкы милдет – 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрүү. Бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүү менен элдин эркин тандоосун камсыз кылуу. Ошондуктан, өлкө башчысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, эл алдындагы, мамлекет алдындагы жеке жоопкерчилигимди сезип жатам».