Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызмат ЕАЭБден импорт менен алектенүүчү «Буффало» компаниясына карата кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда аталган компаниянын ишмердүүлүгүнөн мамлекетке 18 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Аталган кызмат бул ишти тергөөнү аяктап, кылмыш ишин Башкы прокуратурага жолдоду. Эске сала кетсек, буга чейин Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматтын мобилдик тобу жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө «Ак-Тилек» контроль-өткөрүү пунктунан «Буффало» ЖЧКсы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамынын талаптарын бузуу табылган. Аталган компания ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарларды жана азык-түлүктөрдү импорттоо менен алектенген, бирок кыйыр салык боюнча салык кызматына отчетторун көрсөтпөстөн жана мамлекет бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн 18 миллион сом зыян алып келген.
Натыйжада «Буффало» компаниясынын жетекчилигине КР Кылмыш жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Мына ушунун өзү дагы президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча талапты катуу койгонунун натыйжаларынын бири катары саналат. Эгерде мындай талап коюлбаса, балким аталган компания мамлекетке келтирип келген зыянын дагы да уланта бериши мүмкүн эле. Эми Башкы прокуратура бул кылмыш иши боюнча кандай аракеттерди көрөөрүн күтүп турушубуз керек.