Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшө турган органдардын айрым кызматкерлери өздөрү да коррупцияга малынып калганын жана акыркы жылдардагы көрсөткүч боюнча УКМКнын иши начарлап кеткенин белгилеген болчу. Ошону менен катар эле УКМК, Баш прокуратура, ИИМге кыска убакыт аралыгында ичинен тазалоону жана иштин натыйжалуулугун көрсөтүү талабы коюлган.
Натыйжада УКМК күчөтүлгөн тартипте иштей баштаганы байкалды. Маселен, жакында эле УКМК кызматкерлери тарабынан «Электрдик станциялар» ААКсынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков Бишкек ТЭЦиндеги кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында кармалды.
Буга чейин Бишкек ТЭЦинде болгон кырсыкты иликтөө боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия 19-февралда Мамлекеттик мүлк фондуна Алмаз Жусупбековду ээлеген кызматынан бошотууну сунуштаган.
Ошондой эле УКМК тарабынан ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде «Электрдик станциялар» ААКсынын айрым жетекчилери тарабынан өзгөчө ири суммада акча каражаттарын уурдоо фактысы табылган. Бул фактынын негизинде А. Жусупбековдон тышкары «Электрдик станциялар» ААКсынын генералдык директорунун мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев да кармалганын айта кетели.
Мындан сырткары УКМК кызматкерлери транспорт жана жолдор министрлигинин кызматтагы адамдарына карата козголгон кылмыш ишинин негизинде аталган министрликтин жол чарбачылыгы Департаментинин директору Арстанбек Ибраевди кармады.
А. Ибраев кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун АК-Талчат айылындагы «Нарын дарыясы аркылуу көпүрө» обьектисинде 45,8 миллион сомдук оңдоо-калыбына келтирүү ишин өзүнө жакын «Кербенжол курулуш» ААКсына берип койгон. Подряддык келишим түзүлгөндөн кийин 2017-жылдын июлунда А. Ибраевдин буйругу менен «Кербенжолкурулуш» ААКсынын эсебине эч кандай банктык кепилдиги жок эле мыйзамсыз жол менен 35,3 миллион сомду которттурган. Анан ал акча коротулганы менен көпүрө азыркыга чейин курула элек.
Ошентип бүгүнкү күндө бул аттары аталгандар УКМКнын СИЗОсунда кармалууда. «Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет» демекчи, мамлекет башчысынын катуу талабы УКМКнын ишинин күчөтүлүшүнө негиз болуп бергенсиди.