Домой Коом Президенттин белегин алды, эми Москва мэринин белегин да алат

Президенттин белегин алды, эми Москва мэринин белегин да алат

64

Марат ИсаевМосква шаарынын калаа башчысы мэр Собянин москвалык аялды поезддин алдындагы ажалдан сактап калган кыргызстандык Марат Исаевге жеке өзүнүн атынан ыраазычылык айта турган болду. Негизи бул окуя жеке эле Кыргызстанда эмес, көптөгөн өлкөлөрдө чоң эрдик катары бааланып, орусттар өзүнүн башкы каналы ОРТнын жаңылыктарынан да айтышкан. Президент Алмазбек Атамбаев Маратты ээнчилүү кол саат менен сыйлады.  Ал эми Москва мэри: “Чоочун адамды сактап калууга тайманбай бой урууга жөндөмдүү адамдар, — баатырлар. Аларга жолукканда сөзсүз өздөрүнө баатыр экендиктерин айтамын” – деп жар салып, жакынкы күндөрү Марат мырзага жолугуп, атайы белектерин берип ыраазычылыгын билдирерин кошумчалады. Бул да болсо баатыр жүрөк кыргыздардын дүйнө элине көрсөткөн укмуштай үлгүсү.