Домой Саясат Президенттиктин 100 күнү же чечкиндүү ташталган кадам

Президенттиктин 100 күнү же чечкиндүү ташталган кадам

116
????????????????????????????????????

 

????????????????????????????????????

 

Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчысы катары кызматка киришкенине туура 100 күн толду. Албетте, бул убакыт аралыгы берилген убадаларды толук аткарууга, кандайдыр бир иштердин толугу менен аягына чыгышына жетишээрлик убакыт эмес. Бирок, башталыш, алган багыт боюнча кеп кылууга толук арзыйт.

С. Жээнбеков бул эң жогорку мамлекеттик кызматка толук даярдыкта келген жолбашчы экендигин кыска убакыт аралыгында эле тастыктай алды. Ал өзүнүн ишин адегенде эле коңшулаш Казакстан менен курчуп турган чек ара кырдаалын оң жагына чечүү менен баштады. Кыргызда «Көч башы кайда барса, аягы да ошол жакка барат» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары жогорку мамлекеттик кызматка келери менен эле бир нече айга созулуп, эки өлкөнүн тең карапайым жарандары үчүн түйшүк жаратып келген чек ара маселесинин чечилиши мамлекет башчысынын жолу ачык экенин, ниети түз экенин көрсөтүп, жакшы жышаана берди.7E1E0770-18A4-41AE-8094-0FBB2FFE75FF_w1023_r1_s

Мына ушул кыска убакыт аралыгында Коңшулаш Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанга расмий сапар жасоого үлгүрдү. С. Жээнбековду коңшулаш мамлекеттердин башчылары жогорку урмат-сый менен тосуп алып, эки тараптуу мамилелер боюнча олуттуу өз ара сүйлөшүүлөр болду. Бир нече макулдашуулар жетишилди. Бул анын тышкы саясатты туура нукта жүргүзө ала турганынан кабар берди.A6B7314B-3427-4232-B9E5-5FC583344E24_cx20_cy9_cw80_w1023_r1_s

Андан сырткары мамлекет башчысынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан катуу билдирүүлөрү коомчулук тарабынан өтө жылуу кабыл алынды. Ал коррупцияга каршы күрөш жөн гана улантылбастан, күчөтүлө турганын билдирди. Ошондой эле көпчүлүк үчүн мурдатан эле белгилүү болсо дагы айтылбай келген ачуу чындыкты ортого салды. Коррупция менен күрөшө турган органдардын айрым кызматкерлери өздөрү коррупцияга малынып калганын, андыктан ал органдардагы мына ушундай көрүнүштөрдү тазалоо зарылчылыгы турганын белгиледи.

Албетте, президенттин мындай билдирүүсү айрым чиновниктерге жаккан жок. Себеби, ачуу чындык баарына эле жага бербейт эмеспи. Бирок, тазалык, акыйкаттык жана адилеттүүлүк орношу үчүн бул чындыкты айтуу керек эле. Демек, эми мындан ары коррупцияга каршы күрөш тандоо жолу менен эмес, бардык тармактарда күчөтүлөт. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн адегенде дал ушул коррупцияны жоюу зарылчылыгы турганын жалпыбыз түшүнүп турабыз. Бул күрөштүн башында президент өзү тура турганын жана аны менен күрөшүүгө толук эрки жете турганын да билдирди. unicure remedies ltd. 1037298966

Президенттин бул билдирүүсү жалпы кыргызстандыктарга, коомдук ишмерлерге, эксперттерге бирдей жакты. Мамлекет башчысынын бул аракетин колдогон жана ага сөзсүз түрдө кол кабыш кылуу керек экендиги боюнча пикирлер айтылды.

Ошентип мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун алгачкы 100 күнү анын өлкө келечеги үчүн кадамы ишенимдүү ташталганын кабарлады. Алдыда дагы 5 жыл 9 айга чукул убакыт бар. Эгерде президент бүгүнкүдөй кадамынан жазбаса, анда мөөнөтүнүн аягына чейин Кыргызстанды ар тараптан өнүктүрүп, коррупциянын тамырын биротоло кыркып, ачык жана таза коомду, өнүккөн өлкөнү кура ала турганынан шек жок.