Домой Саясат Президенттикке талапкерлерге 1 млн сом шайлоо күрөөсү кайсы учурда кайтарылып берилет?

Президенттикке талапкерлерге 1 млн сом шайлоо күрөөсү кайсы учурда кайтарылып берилет?

62

Шайлоодо талапкер 1%дан ашпаган добуш алса, анда анын шайлоо күрөөсү кайтарылат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Омоналиев журналисттерге билдирди.

Мындан тышкары, шайлоо бюллетендери даярдалганга чейин өз талапкерлигин алып салууну чечсе же БШК тарабынан шайлоодон четтетилсе, анда күрөө кайтарылып берилет.

Белгиленгендей, бюллетендин тексти 21-декабрга чейин бекитилиши керек жана алар 2-январга чейин даяр болушу керек. Талапкер 7-январга чейин документтерин артка чакыртып алууга укуктуу.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. 14-декабрга чейин БШК талапкерлерди каттоодон өткөрөт. Шайлоо өнөктүгү 15-декабрда саат 08:00дө башталат.