Домой Коом Президенттикке талапкерлердин саны 12ге жетти. Тизме

Президенттикке талапкерлердин саны 12ге жетти. Тизме

111

10-ноябрда Президенттикке дагы бир талапкер Байгуттиев Женишбек Сейтбекович БШКга арыз менен кайрылды.

54 жаштагы Жеңишбек Байгуттиев «Толубай» АКБ ЖААнын директорлор советинин кеңешчиси.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына(БШК) өлкө башчылыкка ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүп 11 жаран кайрылган.

Алар:

  1. Адахан Мадумаров,
  2. Арстанбек Абдылдаев,
  3. Кубан Чороев,
  4. Назарбек Нышанов,
  5. Бектур Асанов,
  6. Канатбек Исаев,
  7. Бакыт Бакетаев,
  8. Абдыкаар Сыдыков,
  9. Сазыкбай Турдумалиев,
  10. Нурлан Мотуев,
  11. Рашид Тагаев.

Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн жарымында өз ыктыяры менен кызматтан кеткенине байланыштуу БШК мыйзамга ылайык, кезексиз президенттик шайлоону 10-январга дайындаган токтом чыгарган. Анткени, “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн үч айдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.

Буга байланыштуу БШК президенттик шайлоону өткөрүүнүн календарлык планын бекитти. Ага ылайык, президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жана аларды расмий түрдө каттоо 15-ноябрга чейин жүргүзүлөт.