Домой Саясат Президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүгө 538,2 млн сом сарпталган

Президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүгө 538,2 млн сом сарпталган

14

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн жалпы 538,2 млн сом сарпталды. Бул маалыматты БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Шайлоо кампаниясына республикалык бюджеттен жалпы 728 млн 907 миң сом каралган. Анын ичинен 538,2 млн сому сарпталса, 171 млн сом үнөмдөлдү. Бул каражат эгерде президенттик шайлоонун 2-туру өтсө пайдаланылмак.

«Ошондой эле эл аралык өнөктөштөр вирустан коргоочу кийимдерди 40 млн сомго сатып беришти», – деп кошумчалады Бекматов.