Домой Коом Президенттик Аппараттын эл билбеген, бирок эбегейсиз ишинен эки ооз кеп…

Президенттик Аппараттын эл билбеген, бирок эбегейсиз ишинен эки ооз кеп…

94

Эгемендикке ээ болгондон бери Кыргыз элинин башынан эмнелер гана өткөн жок. Үч ирет карапайым эл бийликтин адилетсиз саясатына каршы көтөрүлүп, Элдик революцияларды ишке ашырды. Ошол бурулуш окуялардын – революциялардын баарында өлкөнү тар жол, тайгак кечүүдөн чыгарып кеткен, башаламандыктарды көпкө узатпай укуктук талаага кайтарып келген Президенттин Аппараты экенин көбү деле этибарга албайт. Албетте, саясатчылар менен мамлекеттик кызматкерлердин арасынан суурулуп чыгып, жол баштаган, олуттуу сунуш айткан эр-азаматтар жок эмес. Бирок ошол айтылган сунуштун күңгөйү менен тескейин – мыйзамдык жагын, анын артыкчылыгы менен кесепеттерин эсептеп-чоттой турган орган дал ушул Аппарат болуп келгендигин ким тана алат?

Президенттик Аппараттын бурулуш окуялардагы ролу абдан чоң. Мына кечээги эле Октябрь окуяларын эске салалы. Шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон эл “Ала-Тоо” аянтына батпай кеткен учурда бийлик ээлери адилетсиз шайлоо болгонун мойнуна алып, кечирим сураганданы ордуна – мамлекетти башкаруусуз таштап, чээнге кирип кетишти. Мына ушундай өтө оор шартта эл талабы менен жоопкерчиликти мойнуна алган эр-азаматтардын биринчи максаты – башаламандыкты токтотуу, өлкөнү укуктук талаага кайтарып келүү болчу. А бул ишти Аппаратка таянуу менен гана жасаса болот.

Дал ушул Октябрь окуяларынан кийин өлкөнү укуктук талаага алып келүүдө да Президенттин Аппараты чоң роль ойноду. Акүй талкаланды. Чогулуп иштөөгө, элдин талабына ылайык, чечимдердин долбоорун даярдоого мүмкүнчүлүк дээрлик жок. Эшикте жаалданган эл. Президент эмес, анын Аппаратын көрөйүн деген көздөрү жоктор четтен чыгат. Мына ушундай кара башына дагы коркунуч келген шартта Аппарат кызматкерлери “эки чылбыр, бир тизгинди колго алган” лидерлердин ишин камсыз кылуу, сабаттуу чечимдерди кабыл алынышын шарттоо милдетин илгиртпей колго алып кетишти.

КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси болуп ошол оор кырдаалда Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. 2005, 2010-жылдардагы бурулуш окуялар учурунда да “кризис-менеджер” катары иштегенин, коомчулук алдындагы кадыр-баркын жаңы лидерлер эске алды окшойт. Сүйүнбек Касмамбетовдун кандай адис экенин, ал дайындалгандан соңку кесипкөйлүгүн белгилеген комментарийлерден эле баамдаса болот. Күтүлгөндөй эле, Аппараттын ишин тез арада, жогорку деңгээлде уюштуруп кете алды. Шартылдата комуз черткен, төкмөлөрдүн айтыштарында сөз багып отурган Касмамбетовдун тээ Кыргызстанды 25 жылдай башкарган Усубалиев аксакалдын жардамчысы болуп иштеп, мамлекеттик кызматтын алчы-таасын мыктылап өздөштүргөн кесипкөй адис экени, ошол эле маалда Аппараттын эң жөнөкөй кызматкери менен да кадимкидей сүйлөшө билген адамгерчилиги жеке эле аткаминерлерге эмес, калың элдин катмарына да белгилүү. Ошондуктан, Аппарат сааттын жебесиндей чыкылдап иштеп турду.

Касмамбетовдун дагы бир артыкчылыгы – өлкө башына иш түшкөн кыйчалыш учурларда маалыматтын чоң роль ойноорун аңдабай түшүнгөндүгүндө. Башкача айтканда, эл толкуган маалда калың элге калыс кепти кармап туруп албай, ыкчам жеткирүүнүн маани-маңызын жакшы билгендигинде. Мындай калабалуу күндөрдө – коомчулукту ар кандай айың кептерден алыстаткан, маселенин ток этер жерин күтүп жаткан элге так маалымат жеткирген басма сөз кызматынын ордун жакшы билет, айрыкча, бул бөлүм менен тыгыз кызматташат, аларга катуу талап кое билет. Өлкө башынан өткөргөн революциялардын баарында тең КР Президентинин Аппаратынын, анын ичинде басма сөз кызматы жогорудагыдай милдетти өз деңгээлинде татыктуу аткарган. Азыркы кезде бир кичине кабар менен калдайган бир коомчулукту дүрбөлөңгө салып койсо болорун, анын оор кесепеттерин андан жакшы түшүнөт. Ошондуктан, Президенттин Аппараты коомчулукта резонанс жараткан кандай гана маселе болбосун, оперативдүү комментарий берип турду. Бул да бир жагынан жаңы келген элдик бийликке болгон элдин ишин бекемдеди.

Ошентип, Президенттик Аппараттын коомдогу орду тууралуу аз гана кеп кылып өттүк. Жогоруда айткандай, Аппарат башына келген адамдан дагы көп нерсе көз каранды экени талашсыз. Анткени, Президенттик Аппараттын негизги максаттарын өзөгүнөн түшүнүү, Президенттин өлкөнү өнүктүрүүгө алган багытында Аппаратты туура иштете билүү ары жоопкерчиликтүү, ары олуттуу иш. Мындан кийин да, Аппарат эл үчүн ачык иштээрине үмүт артып туралы.

булак: sayasat.kg