Домой Аналитика Президент Садыр Жапаровдун Администрациясы түзүлдү (курамы)

Президент Садыр Жапаровдун Администрациясы түзүлдү (курамы)

56

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде Президент менен Өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлдү.

Ошондой эле, Мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

– Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

– Сатыев Медербек Асанбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

– Зулпиев Бектур Рысбаевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

– Асанкулов Жеңишбек Асанкулович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.