Домой Аналитика Президент Садыр Жапаров Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров Кытайга барат

36

Үстүбүздөгү жылдын май айында президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Кытай — Борбор Азия механизминин биринчи саммитине катышат.

“Азыр эки тарап тең иш-чарага активдүү даярданып жатышат. Биз бул иш-чара чоң ийгиликтер менен аяктап, эки мамлекеттин мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенебиз. Биз Кытай менен Кыргызстандын бирдиктүү тагдырынын коомчулугун курууда жаңы кадам жасайбыз”, — деп билдирди Ду Дэвэнь.