Садыр Жапаров көйгөйдү чечүү үчүн биринчи кезекте электр жарыгынын баасын көтөрүү зарыл экенин, бул үчүн бир нече баскычтуу сунуш бар экенин ортого салды. Ал жарык пайдалануучуларды бир нече катмарга бөлүп, бааны ошого жараша коюу керектигин белгиледи.Мамлекет башчы «турмушу начар үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салуу» керек деди. Ал расмий эсепте Кыргызстанда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар экенин кошумчалады.
«Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми, жашоо-турмушу кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз»,- деп айтылат президент Садыр Жапаровдун сөзүндө.