Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-августта КРнын премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Анда учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана аны мындан ары турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды. Премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктургандардын жана андан каза болгондордун саны төмөндөгөнү байкалып жатканын белгиледи. Баардык жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине тапшырма коюлуп, инфекцияны жуктуруп албоону азайтуу жаатында чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи. Ошону менен бирге өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдыктарды көрүү жер-жерлердеги ооруканаларды зарыл дары-дармектер жана шаймандар менен камсыз кылуу иштери активдүү жүрүп жатат. Кубатбек Боронов пандемиянын сабактарынын бири катары, медицияналык адистердин жетишсиздиги болгонун атады. Буга байланыштуу келечектеги мындай абал кайталанбашы үчүн өкмөт тарабынан тийиштүү талдоолор жүргүзүлүп, кошумча медициналык адистерди тартуу жолдору каралып жатат. Ал ошондой эле күзгү, кышкы мезгилге даярдыктар жигердүү улантылып жатканын маалымдады. Президент Сооронбай Жээнбеков эпидемиологиялык кырдалды жакшыртуу тенденциясына карабастан, ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү керектигин өзгөчө белгиледи. Санитардык талаптар мурдагыдай эле толук кандуу аткарылышы керектигин кошумчалады. Дары-дармектер менен камсыздоо алдын ала жүргүзүлүшү зарыл. Сороонбай Жээнбеков ошондой эле негизги азык түлүктөргө болгон баанын өсүшүн талдап, аны ар дайым көзөмөлдөп туруу зарылдыгын баса белгиледи. Азык түлүктүн баасын жасалма көтөрүп жиберүүгө жол бербөө керектигине өзгөчө көңүл бурду. Мындан сырткары медициналык кызматкерлерине эмгек акыларын жана компенсацияларды өз убагында берүү, ошондой эле ооруканаларды, мектептерди жана башка социалдык объектилерди кыш, күз мезгилдерине даярдоо зарылдыгы тууралуу дагы бир ирет белгилеп өттү. Ошону менен бирге айыл-чарба үнөмдөрүн чет өлкөлүк рынокторго экспортоону көбөйтүү үчүн фермерлерге колдоо көрсөтүүнү улантуу керектигине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле Жээнбеков өлкөнү айрыкча бажы жана салык чөйрөсүн санариптик транспармациялоого чакырды. Саламаттты сактоо министрлигине күзүндө эпидемиологиялык кырдаал күчөшү мүмкүн экени айтылып жатканына байланыштуу медицина тармагындагы адистерди келишимдик негизде ишке тартуу боюнча маселени карап чыгуу тапшырмасы берилди. Республикалык штабдын кезектеги жыйынында бир катар актуалдуу маселелер талкууланып, Чүй облусундагы стационарларды керектүү жабдуулар, жеке коргонуучу каражаттар жана дары-дармек менен камсыздоо жагы дагы каралды. Өкмөттүн Чүй облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев билдиргендей, аймакта зарыл болгон медициналык каражаттардын үч айлык запасы бар. КРнын премьер-министри Кубатбек Боронов баардык ооруканалардан тарта фельдшер, акушердик пунктарга чейин керектүү каражаттардын запасы болушу керектигин белгиледи. “Бул маселелер туруктуу көзөмөлгө алынууга тийиш. Тийиштүү деңгээлде каралбаганы, жоопкерчиликсиздик жалпы ишке кедергисин тийгизет. Учурда медицина кызматкерлери жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн тынымсыз күрөшүүдө. Биздин негизги максат коронавирус менен өпкөнүн сезгенишинен каза болгондордун санын максималдуу түрдө азайтуу жана өлүмгө жол бербөө. Ар бир бейтапка жекече мамиле кылууга тийиш” деди өкмөт башчы . Жыйындын жүрүшүндө курулуп жаткан жана аймактарды оңдоп түзөөдөн өтүп жаткан ооруканаларды жабдуу маселеси талкууланды. Премьер-министр бул медициналык жайларды кадрлар, дары-дармектер жана тиешелүү донор менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Штабдын отурумунда соңунда бир катар тапшырмалар берилип коомдук жайларда, базарларда жана транспорто санитардык көзөмөлдү күчөтүү милдеттендирилди.