Домой Саясат «Президент болом» дегендердин саны 35ке жетти. Ташов да талпынды…

«Президент болом» дегендердин саны 35ке жетти. Ташов да талпынды…

375

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга 13-ноябрь түштөн кийин Турсунбек Жумабеков, Имамидин Ташов, Ербол Токтогулов, Карагач Исмаилова, Марат Кайыпов, Турсунбай Бакир уулу жана Курсан Асанов арыз берди. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.

Бул күнү түшкө чейин талапкерликке Анар Зарипова, Куттумидин Базаркулов жана Бакыт Романов арызын тапшырган.

Мурдараак президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байкуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Кубанычбек Кадыров, Элеонора Турдубекова, Садык Шер-Нияз, Үрүстөм Кабылбеков, Илгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбыл Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Уметалиева, Асланбек Малиев жана Медер Болгомбаев БШКга расмий арыз тапшырышкан. Бакыт Бакетаев арызын кайра кайтарып алган. Ошондо 13-ноябрь кечкиге карата шайлоого катышуу ниетин билдиргендер 35 болду.