Кыргыз Республикасынын өкмөтү ар дайым КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен конструктивдүү кызматташууга кызыкдар экенин көрсөтүп келген жана мындан ары да ушул эле принципти карманат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Эсңиздерге сала кетсек, 30-апрелде парламенттин жыйынында өкмөттүн өзгөчө кырдаал учурунда иштөөгө уруксат берилген экономиканын тармактары тууралу токтомун талкуулап жатып, депутат Каныбек Иманалиев премьер-мнистр Мухаммедкалый Абылгазиевге: “Жарлыктын биринчи пунктунда химия жана мунай-газ өнөр жайы, машина куруу, прибор жасоо тармактары өз иштерин башташат деп жаздыңыздар. Кыргызстанда машина куруу, прибор жасоо тармагы барбы? Жок дегенде, жарлыкты Казакстандын өкмөтүнүн жарлыгынан көчүрүп алганыңарды жашырыш керек болчу”, – деп өкмөттү плагиаттыкка айыптаган.
Ага жооп кылып эртеси, 1-майда өкмөттүн пресс-катчысы Адилет Султаналиев: “Депутат Каныбек Иманалиев өлкөнүн кандай жашап жаткандыгына жана эмнелерди өндүрүп жаткандыгына көбүрөөк көңүл бурушу керек. Депутат өз өлкөсүнүн экономикасынын түзүмүнө караганда коңшу Казакстандын экономикасын же чет өлкөлүк кесиптештеринин мыйзамдарын жакшыраак билсе керек. Балким, ал өз өлкөсүнүн кандай жашап жаткандыгына жана эмнелерди өндүргөнүнө көбүрөөк көңүл бурушу керектир. Бүгүнкү күндөн тартып, инструменттерди жасоочу “Дастан” заводу, “Джунда” мунайды кайра иштетүүчү заводу, нефть жана газ тармагынын баардык комплексин аткарган “Кыргызнефтегаз”, “Автомаш-Радиатор” машина куруу заводу жана Бишкек машина куруу заводу, эң ири Майлуу-Суу чырак заводунун жана бир катар ишканалардын ишине уруксат берилген. Ушундай объекттер, алардын жамааттары жана өндүрүштүк ишмердүүлүгү Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес, алар чындыгында бар жана иштешет, жарандарды жумуш жана киреше менен камсыз кылышат”,- деп каяша кайтарган. Чындыгында өкмөт өз токтомун казак өкмөтүнүн токтомунан көчүрүп алгандыгы тууралу депутат Каныбек Иманалиевдин айтканы далилденген эмес жана калпка чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg