Домой Аналитика Премьер-министрдин Чүйгө сапары: Ишке кирчү “Кошой», оңдолчу жолдор, бүткөрүлчү мектептер

Премьер-министрдин Чүйгө сапары: Ишке кирчү “Кошой», оңдолчу жолдор, бүткөрүлчү мектептер

16

 

      aleve. Sooronbai-ZHeenbekov

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков 15-июнда Чүй облусун кыдырды. Өкмөт башчысы бир катар ишканалардын, жолдордун, мектептердин курулушу менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге бир топ тапшырмаларды берди.

Алгач С.Жээнбеков “Кошой” кант заводунун модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, аталган ишкананы 1-октябрга чейин ишке киргизүүнү тапшырды. Өткөн жылы Чүй облусунун дыйкандары кант кызылчасынан мол түшүм алып, аны өткөрүүгө келгенде бир топ түйшүк тарткан. Өлкөдө жападан жалгыз иштеп турган “Кайыңды” кант заводу өндүрүлгөн түшүмдү иштетүүгө жетишпей, миңдеген тонна кант кызылчалары кар астында калган. Өкмөт башчысы дал ушул окуяны эске салып, ишкананы тез арада ишке киргизүүнү тапшырды. “Буга чейин дыйкандар өндүргөн кызылчаларын өткөрүү үчүн күндөп кезек күтүп келген. Ал эмес талаада түшүмүн топтоп зарыгып күткөндөр болгон. Бул маселе быйыл кайталанбагыдай кылып күзгө чейинки заводду ишке киргизүү тапшырмасын койдук. Завод 1-октябрда ишке кирет. Дыйкандар эч качан өндүргөн түшүмүн өткөрүү үчүн кезек күтпөшү керек”, — деди С.Жээнбеков.

Суткасына 3 миң тоннага чейин кант кызылчасын иштетип, бир күндө 300-400 тоннага чейин кумшекер өндүргөн “Кошой” заводу ишке кирсе миңдеген дыйкандардын багы ачылат. Алар өндүргөн кант кызылчасын татыктуу баада кезек күтпөй өткөрө баштайт. Андан сырткары, элибиз таза кумшекер менен камсыз болуп, миңдеген жарандар татыктуу жумуш менен камсыз болот. Ошондой эле келечекте дал ушул заводдон өндүрүлгөн кумшекерлерди ЕАЭБге кирген өлкөлөргө экспорттоого жол ачылат.

Иштебей кароосуз турган ишканага Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан 10 млн. долларлык насыя берилген. Анын дээрлик суммасы которулуп, заводду модернизациялоо иштери аягына чыгып калган.

 

Ички жолдор Германиянын технологиясы менен сапаттуу салына баштайт

Кыргызстанда колдонууга берилгенине 2-3 жыл толо элек жолдор бузулуп, аны кайрадан оңдоого туура келген көрүнүш тез-тез кайталанып калган. Миллиондогон каражаттар кеткени менен сапатсыз жолдордун салынып жатышы башкы маселе болуп, элдин нааразычылыгы да жарала баштаган. Премьер-министр “Кошой” заводуна бара турган Романовка-Камышановка жолунун курулушу менен да таанышып жатып дал ушул маселеге токтолду. Ал ички жолдорду оңдоодо Германиянын тажрыйбасы колдонулуп баштаганын айтып, мындан ары сапатсыз жолдор салынбашы керектигин тиешелүү жетекчилерден тадап кылды. “Жолдорду сапаттуу куруу үчүн Германиянын технологиясын алып келип баштадык. Эми жаңы салынган жолдордун сапаты да колдонуу мөөнөтү да узарат”, — деди өкмөт башчысы.

Транспорт жана жолдор минитсри Жамшитбек Калилов жалпы узундугу 34 км түзгөн Романовка–Камышановка автожолунун 14,3 чакырымы асфальт бетон менен, калган 19,3 чакырымы гравий менен жабыларын билдирди. Сооронбай Жээнбеков  жол инфраструктурасын жакшыртууга жетишээрлик каражат бөлүнүп жатканын, өкмөт стратегиялык ири жолдордун гана эмес, ички жолдорго асфальт төшөө иштерине да өзгөчө көңүл бурарын билдирди. “Акыркы кезде аймактардагы ички жолдорго калк арасында наарызылыктар көп. Ушул жылы республикалык бюджеттен “Капиталдык салымдар”  беренеси боюнча райондун борборлорундагы ички жолдорду оңдоого 750 млн. сом каралган”, — деди С.Жээнбеков. Ал жол курууда компаниялар менен келишим түзүүдө, анын сапатын мыкты бүткөрүү боюнча катуу талаптар коюлушу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчы балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорт мектебинин абалы, Беловодск айылындагы Биринчи май орто мектебинин, Ак-Башат айылындагы С.Усубалиев атындагы орто мектебинин курулушу жана Чүй облусунун Москва районуна караштуу Бала-Айылчы айылындагы А.Жапаров атындагы орто мектептин курулушун көрдү. Премьер-министр билим берүү мекемелерин курууда ата мекендик курулуш материалдарын жана электр энергиясын үнөмдөөчү технологияны пайдалануу керектигин баса белгиледи.