Домой Аналитика Премьер-министр Улукбек Марипов жалгыз бой энеге жардам көрсөтүп кабар алды

Премьер-министр Улукбек Марипов жалгыз бой энеге жардам көрсөтүп кабар алды

260

Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Эки баланы тарбиялап жаткан Сонунбү Сатарованын абалынан кабар алдым, балдарынын бири ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген болуп саналат.

Тарбиялоодо өзгөчө мамилени талап кылган баланын энеси мамлекеттин жана коомдун колдоосун сезиши керек. Биз бири-бирибизге көтөрүмдүү болуп, муктаж болгондорго жардам берип, сабырдуу жана сый-урмат мамиледе болушубуз керек. Боорукердик жана мээримдүү мамилебиз биздин адамдык бийик сапатыбызды арттырып, күчтүү кылат. Балдарыңыз оорубасын, алар акылдуу болуп өсүп жана сизди ийгиликтери менен кубандырсын.

Үйдүн кожойкеси өз көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Анын 8 жаштагы кызы бюрократиялык тоскоолдуктардан улам али мектепке бара элек.

Сонунбү Сатарованын кызы үчүн мектепте окуу маселеси чечилгенин жана 1-сентябрдан тарта ал мектепке бара ала тургандыгын айттым, материалдык жана социалдык абалына карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары билим алууга бирдей мүмкүнчүлүгү бар.

Ыйык Рамазан айында Сонунбу Сатарованын үй-бүлөсү менен биргеликте ооз ачар өткөрдүм.

Үй-бүлөгө жардам көрсөтүп, аларга ден-соолук, күч-кубат жана узак өмүр кааладым.”– деп билдирүү калтырды.