siti sicuri per comprare online viagra.
Демагогия – бул жүзөгө ашпай турган убадалар. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул көптөгөн кыргыз саясатчылары үчүн адатка айланган сапат. Эң башкысы алар элдин ишенимине кирип, алардын арты менен бийликке жетип алууну көздөшөт. Бийликке келүүдөгү башкы максаттары – тез аранын ичинде мамлекеттик байлыктардын эсебинен байып алуу гана болуп саналат.
Алар мындай максатын жүзөгө ашыруу үчүн өтө курч социалдык маселелерди да чагылгандай тездик менен чечип салабыз деген убаданы тартынбай бере алышат. Маселен, кадимки «булбул» саясатчы Адахан Мадумаров буга чейин борбор калаабыздагы маалымат агенттиктеринин биринде берген маалымат жыйынында: «Коррупцияны кантип жоесуз дейсиз. Коррупцияны жоюу бир күндүк эле жумуш. Ишенип койгула» деп ооз ачырганын айтсак эле жетиштүү.
Мына ушундай популизм бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй гүлдөп атат. Коррупцияны бир күндө эле жоюу, ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сомдон төлөп берүү сыяктуу популисттик убадалар жамгырдай эле жаап туру. Бизге 7%дык кредитти, бекер коомдук транспортту да убада кылышты. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон жеңип келген партиялар депутаттык артыкчылыктардын баарынан баш тартышты.
Бүгүнкү күндө мына ушул убадалар жөн гана куру сөз боюнча калып калганына алар уялып деле коюшкан жок. Бирок, башка нерседен уялышат. Маселен, парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев кече жакында эле парламент отурумунда: «Мен уялам чынындачы. Кээ бир депутат кыздарыбыз, балдарыбыз, келиндерибиз маршруткандан түшүп, жөө басып келет да. Анан шапкамды ылдый басып көрүнбөй, мен машине менен кирем» деп “балп” эттирди.
Мындан сырткары өткөн жылы жалпысынан парламентти камсыздоо үчүн 762 миллион сом сарпталганына да депутаттар уялышпайт. Мунун көпчүлүгү алардын айлык акыларына жумшалган. Ар бир депутат орточо эсеп менен 30 миңден 45 миңге чейин маяна алышат. Анан дагы ар бир депутат ай сайын бензинге, канцелярдык товарларга, кызматтык унаага деп 40 миң сомдон алышат. Бирок, алар ушунча каражат сарптап атышкандарына карабай, өлкө үчүн пайдалуу жумуш жасап аткандары аз. Жөн гана комиссия түзүү, дайындоо, куру кыйкырыктарды жасоо менен чектелишет. Анан дагы кандайдыр бир токтом кабыл алып, анан министрликтерге тапшырма беришет. Кыскача айтканда жандары кыйнала турган деле жумуш аткарышпайт. Жөн гана популизм менен алектенишет.
«Популизм – бул жеңил нерсе. Саясатчылар толтура убадаларды беришет да, аны арты менен саясый упай топтоону гана көздөшөт», — дейт бул багытта саясат таануучу Бакыт Бакетаев.
Баарынан кызыгы ошол популизм менен алектенген саясатчылар өз убагында үлкөн кызматтарда отурушкан. Ошол убакта азыр өздөрү айтып аткан нерселерди толугу менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Эмнегедир өз убагында алар андай иштерди жасашкан эмес. Азыр болсо оозго илинерлик кандай гана ыңгайлуу учур болбосун, аны шарт пайдалана калып, туш келди сын айтып киришет. Кайсы бир маселени чечүү боюнча конструктивдүү сунуш айта алышпайт. Тескерисинче кырдаалды курчутуу, көбөйтүп көрсөтүү менен алектенишет.
Маселен, кече жакында эле Бишкек ТЭЦинде жаралган кырдаал боюнча Адахан Мадумаров мындай деген: «Ушундай кырдаал жаралгандан кийин мэр токтоосуз кызматтан кетиши керек эле. Ошол чечимдерди кабыл алгандардын баары токтоосуз жоопко тартылышы керек эле». Анын логикасы боюнча кимдир-бирөөлөрдү кызматтан алып койсо эле маселе чечилип калчудай болуп турат. Бирок, реалдуулукта андай болбой турганын Мадумаров өзү деле түшүнүп турат.
«Сыныктан башканын баары жугуштуу» демекчи, мына ушундай популизм учурда жаш муундарга да жукту. Мисалы, А. Турдукулов, М. Аспеков, М. Аскарбеков сыяктуу «жаңы муунчуларга». Булар курактары боюнча эле жаш болбосо, жасаган иштери, аракеттери менен эски саясатчылардан да алдаканча ашып түшүштү, албетте тескери жактарынан.
«Популисттер бир эле күндө коррупцияны жоюп коем дешет. Бир эле күндө үйлөрдү куруп, баарына берип, айлык акыларды көбөйтүп коем дешет. Бирок, бул иштерди жасоо оңой эмес экенин коомчулук деле түшүнүп турат. Президенттик кызматта «сыйкырдуу таякча» жок да. Ошол таякчаны ары-бери шилтеп койсо эле, баары Кудайдан корккон, таза болуп калышпайт да», — дейт Бакыт Бакетаев.
Ырас эле, жыйырма жылдан ашуун гүлдөп, тамырлап кеткен коррупцияны бир эле күндө түп-тамырынан кыркып салам деп айтуу, эсеп-чоту жок эле айлык акы, пенсиянын көлөмүн 2-3 эсе көбөйтө салам дештин өзү барып турган популизм эмеспи. Айтор, мына ушундай популисттердин да күнү бүтүп бараткан сыяктуу. Себеби, алардын аткарылбай турган убадаларын уга берген элибиз да жадады. Эми бизге курулай чечендер эмес, чыныгы иштермандар гана керек.