Бизге жеткен кабарды кылдаттык менен карап, бир беткей болуп калбашы үчүн суроо маанайында жолдойлу. Калыстык иретинде экинчи тараптын да пикирин угууга даярбыз. Иралды, жооптуу мамлекеттик кызматкердин артынан шектүү сөздөр ээрчибеши керек.
ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын начальниги Талант Акматов бир милиция кызматкеринен 2,5 миң доллар акча алып, кызматтан жогорулатуу үчүн убада кылганбы? Бир канча ай алдап жүрүп, аткарбай койгонбу? Акырында арыз жазылып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталдыбы? Полковник Талант Акматовдун орун басары Конокбай Өскөнбаев шефинин ордун ээлөө үчүн артын казып, ушул жагын таап чыктыбы? Аз күндө тергөө амалдары башталса, “каарманыбыздын” тагдыры жарга асылабы?
Дал ушул соболдорго ачык, конкретүү түрдө жооп болобу? Же ИИМдин “ирип” атканы катардагы эле көрүнүшкө айланып калабы?..
Булак: Арыба.кж