Кошмо Штаттарда Playboy журналынын негиздөөчүсү Хью Хефнер 91 жашында көз жумду. Бул тууралуу журналдын Твиттердеги расмий баракчасында кабарланды.
Хефнер 27-сентябрда Лос-Анжелестеги үйүндө жакындарынын жана досторунун курчоосунда өз ажалы менен өлгөнү маалым болду. Хью Хефнер 1926-жылы жарык дүйнөгө келген. Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында аскерий кабарчы болуп иштеп, кийин Esquire журналына жумушка кирген. Playboy журналынын алгачкы чыгарылышын ал өз үйүнүн ашканасында даярдап, 1953-жылы чыгарган. Көп өтпөй аталган басылма дүйнөдөгү эң көп сатылган журналга айланган. 1970-жылдары анын тиражы жети миллион даанага жеткен. Бирок соңку жылдары анын тиражы 800 миң даанадан ашпай калган.
prednisone 12 day dose pack directions. Булак: Азаттык