Жогорку Кеештин жыйынында Иса Өмүркүлов пенсионерлердин жылдан-жылга өсүп жаткандыгына аябай кыжаалат болду. Бул боюнча:
“Жыл сайын пенсионерлердин саны 30-40 миңге өсөт. Анын ичинен 60% жарандар жеңилдетилген пенсия алышат. Мындан ары кандай болот? Социалдык фонд чоң өзгөрүүлөргө барбаса анда биз жарга келип такалабыз”- деп каңырык түтөттү. Пенсияга көзү түшпөй, ичип-жеген 70-80 миң сомдук айлыгыбызды актап, өлкөнү өнүктүрөлү деп сарсанаа болсо бали дейт элек.
Булак: Фабула