Домой Экономика «Партнер нефть» компаниясы – сиздин ишенимдүү партнеруӊуз.

«Партнер нефть» компаниясы – сиздин ишенимдүү партнеруӊуз.

437

               logo-Partner-neft-в-кривых_урна

23-мартта «Партнер нефть» компаниясы Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрүн май куюуучу жайларга пресс-тур кылды. Журналисттерди чакыруунун бирден-бир себеби болуп, компаниянын күйүүчү майларынын сапатын жана кардарларды тейлөөнүн деӊгээлин көрсөтүү болду.Бүгүнкү күндө компания  «Партнер нефть» Кыргызстандагы күйүүчү май бизнесинде алдыӊкы орунда турат. Өтө аз убакыт аралыгында компания жогорку квалификациялуу адистердин жардамынын аркасында мындай ийгиликтерге жетише алды.«Партнер нефть» компаниясынын өкүлү Бекмуратов Назар мырзанын айтымында компаниянын эӊ башкы милдети – кардарлардын ишенимине ээ болуу.“Кардарлардын ишенимине биз мыкты сапаттагы күйүүчү май жана жогорку деӊгээлдеги тейлөө менен гана кире алабыз. Биздин бардык 73 май куюучу жайларыбыздагы күйүүчү майлардын сапаты эӊ мыкты деп айта алам. Себеби, Россиянын ири нефть өндүрүүчү заводдорунан өндүрүлгөн майлар. Биздин саясатыбыз – кардарга жакын болуу. Ошондуктан, учурда республика боюнча майларды туура бөлүштүрүп Эл аралык маанидеги жолдорго, облус, райондорго  өз убагында  жеткирип турабыз” – деди Назар Бекмуратов.27972801_2027454614204083_1003284664161929569_n

Иштин көзөмөлү жана коопсуздугу

Өрт коопсуздугунун эрежелерин сөзсүз билүү, өндүрүштүк санитарияны сактоо – компаниянын адистердин жана кардарларынын коопсуздугунун башаты. Журналисттерге ар таӊда компаниянын май куюучу жайларынын кызматкерлерин техникалык коопсуздугу боюнча инструктажынан башталаарын айтышты.

Тейлөө бир кадам жакын болгон учурда. Май куюучу жайлардагы дүкөндөр.

Эӊ кызыгы, ЖМК өкүлдөрүн атайын май куюучу жайлардагы дүкөндөр менен тааныштырышты. Дүкөндөгү товарлар кадимки супермаркеттегидей эле миӊ түркүн болгондуктан сиздин унааӊызга керектүү тетиктерди, автохимияны, аксессуарларды жана жолдо керектүү болгон нерселерди компаниянын май куюучу жайларындагы дүкөндөрүнөн таба аласыз.

edsave uses. «Партнер нефть» компаниясы кардарларды сүйүнтүүнү да унутпайт. 16-февралдан тарта атайын акция старт алды. Башкы белек эки жол тандабас унаа. Бирөө Ош шаарында, экинчиси Бишкекте ойнотулат. Акцияга катышуу үчүн «Партнер нефть»компаниясынын каалаган бекетинен 10 литр май куюуу шарт. Баардык чектерди топтогондо жалпы өлчөмү 100 литр болуусу керек. Аны 1 купонго алмаштырып, акциянын катышуучусу боло аласыз. Акцияга катталуу мөөнөтү 31-июльга чейин. 15-августта купондор Ошто шаарында ойнотулса, 17-августта Бишкек шаарында өткөрүлөт.