Домой Саясат Партиялар миллиондорду чача баштады

Партиялар миллиондорду чача баштады

179

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга катталган 44 партиянын 12 партиясы каржылык эсеп ачып, ал эсепке салган каражаттарын корото баштады. БШКнын маалыматына караганда, 7-августка карата 12 партия шайлоо фондуна түшкөн каражаттан  «Мекеним Кыргызстан» партиясынын эсебине 3 млн. 35 миң сом салынып, эки млн. 718 миң сому коротулду. «Социал-демократтар» партиясынын шайлоо фондуна 1 млн. 703 миң сом түшүп, 1 млн. 544 миң сому сарпталды. «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» 200 сому бар. «Бир Болдун» капчыгына 9 млн. 676 миң сом салынып, партия анын 5 млн. 269 миң сомун коротту. «Республика» партиясынын эсебине 800 миң сом түшсө, 120 миң сому коротулду. «Биримдиктин» шайлоо фондуна 200 миң сом которулуп, анын 80 миңи сарпталды. «Чоң казат» партиясынын шайлоо фондунда 375 миң сом, «Мекенчил» партиясында 11 миң 500 сом, «Ата Мекен» партиясында 2 млн. сомго жакын акча, «Реформа» партиясында 348 миң сом, «Кыргызстандыкында» 10 млн. сом, «Ордо» партиясынынын эсебинде 200 миң сом бар.  Азырынча эӊ көп короткон “Бир бол” экен. Бирок башка айрым бир партиялар “Бир болдукунан” да көп коротту. Анткени, алар банк аркылуу эмес, башка жолдор менен миллиондорду чачып жатышат.

Булак: Багыт