Домой Саясат Партия өкүлдөрү, жарандык активисттер БШКнын алдына чогулууда

Партия өкүлдөрү, жарандык активисттер БШКнын алдына чогулууда

92

25-августта эртең менен Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына айрым саясий партия өкүлдөрү, жарандык активисттер чогулууда. Алар «Кыргызстан» саясий партиясына байланыштуу Боршайкомдон жетекчилиги менен жолукканы жатышат.

25-августка караган түнү дагы Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер чогулуп, БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылышкан.