Парламенттик шайлоого аттанган партиялардан талапкерлердин тизмесин кабыл алуу мөөнөтү жыйынтыкталды. Эми БШК он күндүн ичинде кайсыл партия каттоодон өткөнүн же өтпөй калганын жарыялайт. Талапкерлердин тезмесин тапшырып жатканда эле чоң чуу чыкты. «Кыргызстан» партиясы документтерин кеч тапшырып, аны каттоого байланыштуу кызуу талаш-талкуу жаралды.
Буга чейин Covid-19 вирусунун жайылуу коркунучу сакталып турганына карабастан президент С.Жээнбеков шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт деп жарыялаган. Июль айында өлкөдө вирусту жуктургандар саны жогорку чекке жетти. Абал курчуп, өлкө президенти дарыгер менен медициналык препараттар тартыш болуп жатканын мойнуна алган.
Пандемя шартында шайлоо өткөрүүдө бир топ кыйынчылыктар бар. Үгүт иштеринен тарта добуш берүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн шайлоо участколору алдын ала даярдалышы керек.
Дүйнөнүн булуң-бурчундагы башка мамлекеттер дагы пандемия шартында шайлоо өткөрдү. Кыргызстан алардан кандай сабак ала алат?
Шайлоону жылдыруу же өз мөөнөтүндө өткөрүү?
Ондогон мамлекеттер быйыл дал ушул суроого жооп издеди. Пандемия учурунда жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү абдан чоң тобокеличилик экени талашсыз.
Демократия жана шайлоого көмөк көрсөтүү эл арарлык институтуна (International IDEA) ылайык, быйыл токсонго чукул өлкө шайлоону убагында өткөрүү же жылдыруу маселесин карады. Негизги суроолор — пандемия шартында добуш берүүчүлөр шайлоого катышабы же шайлоо учурунда Covid-19 вирусу кеңири жайылып кетпейби?
Тобокелчиликтен кооптонгон айрым мамлекеттер шайлоону жылдырды. Добуш берүүнү өз мөөнөтүндө өткөргөн мамлекеттер болсо коопсуздуктан улам үгүт иштерин онлайн жүргүзүп, добуш берүүчүлөрдү пандемияга байланыштуу эрежелерди сактоого милдеттендирди.
«Өз калемиң менен кел»
Шайлоо күнү мамлекеттер ар түрдүү коопсуздук чараларын колдонушту. Айрым мамлекеттер абдан катаал чектөөлөрдү киргизсе, башкалар шайлоону бир топ жеңилдетилген маанайда өткөрдү. Бирок шайлоо участкосунда беткап кийип жүрүү, кезекте турганда социалдык аралыкты сактоо сыяктуу маанилүү эрежелерди шайлоо өткөргөн бүт мамлекеттер колдонду.
Катаал чектөөлөрдү киргизген мамлекеттер шайлоо участкосунда иштегендерге бир жолу колдонулган колкап жана беткалкан таратып, добуш берүүчүлөргө «өз калемиңер менен келгиле» деген талап койду. Ошондой эле, шайлоо участкосун желдетүү үчүн айрым сааттарда ал жабык турду.
Булак: www.bbc.com