Домой Саясат Парламенттик башкаруу үчүн үгүттөй турган топ катталды.

Парламенттик башкаруу үчүн үгүттөй турган топ катталды.

60

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 21-декабрдагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумга карата «Макул» үгүт тобун каттады.

16-декабрда БШКга «Макул» үгүт тобу арыз менен кайрылган. Алар референдумга карата парламенттик башкаруу формасы үчүн үгүт иштерин жүргүзүшөт. Топтун жетекчиси – Бекешев Дастан Далабаевич (Жогорку Кеңештин депутаты), курамында 13 киши бар:

Аты-жөнү
1 Бекешев Дастан Далабаевич (жетекчи)
2 Алагөз уулу Азамат
3 Асанбек уулу Адилет
4 Довлотов Бектур Сейитбекович
5 Калдыбек кызы Батма
6 Насыкулов Урмат Өмүргазиевич
7 Рычкова Анна Петровна
8 Сайтбурхан кызы Перизат
9 Талантбек уулу Азамат
10 Турарбеков Насип Турарбекович
11 Турдубеков Улукбек Бактыбекович
12 Шаршенова Айзада Туратбековна
13 Эрдоолатов Мээрбек Мухтарович

 

Мындай чечим референдумдагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоо жана ишке ашырууну камсыздоо максатында кабыл алынды.

булак: barakelde.org